Malika Dina – Mental Текст

Көздөрүңөн көрө алам
Махабатыңды мага жактың деп турган
Көрбөгөнмүн көп адамдан
Сендей таза жүрөгү аз арада
Курчагыңдай камалып курчаламын сенин жаным
Кучагыңда ээрийм, жагылам
Кулагыңа шыбырайм сырларымды эч кимге мен
Айталбаган эч билбеген

Чындап мага баары бир
Жол бербесе дагы ментал
Жакын келип колумду ал
Чындап мага баары бир
Жол бербесе дагы ментал
Жоголоюн койнуңда

Жоголоюн койнуңда
Оролоюн мойнуңа
Көкөлөп көпөлөк сымал
Гүлүңө коноюн да
Сен менин баатырым
Себилген атырың
Сезимди козгойт
Сенсиз жүрөгүм боздойт
Көйнөгүңдү оронуп
Көккө учуп торолдум
Көкүрөктө бороонум
Көрөөр замат жоголду
Азыр турам, атыр сымал жытыңа мас болуп
Эсиңде сакта, эч кимге айтпа бул элимде кас жорук

Чындап мага баары бир
Жол бербесе дагы ментал
Жакын келип колумду ал
Чындап мага баары бир
Жол бербесе дагы ментал
Жоголоюн койнуңда